Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 06:01

Газада абал курчуду


Газа тилкесинде абал курчуду. 12-ноябрь, 2019-жыл.

Газа тилкесинде кырдаал кайрадан курчуду. Израил бир нече жолу сокку урганын, «Ислам жихады» деген палестиналык топтун объектилерине 150дөн ашуун ракета учурганын расмий кабарлады. Муну Палестинадагы куралдуу топтордун аткылоосу күчөгөнү менен түшүндүрдү.

Андан бир аз мурдараак Израил Газа тилкесине сокку уруп, «Ислам жихады» тобунун кол башчыларынын бири Баха Абу ал-Атта өлтүрүлгөн.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Тел-Авив шаарында өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып узакка созулуучу тирешке даяр экенин билдирди:

- Израил кырдаалдын курчушуна кызыкчылыгы жок, бирок биз өзүбүздү коргош үчүн колдон келген аракетибизди көрөбүз.

«Ислам жихады» тобун Иран бийлиги колдой турганы айтылып келет, анын баш кеңсеси Дамаскта жайгашкан.

Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кечээтен бери 30дай палестиналык түрдүү жараат алды. Израил тарапта да ондогон адамдарга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Газадагы палестиналык уюмдар билдирүү таратып, «Израил чектен чыгып жатат» деген пикирин айтышты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG