Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Газа сектору: Израилдин соккусунан эки палестиналык ажал тапты


Газа секторундагы атышууга «Ислам жихады» тобунун лидеринин өлтүрүлүшү себеп болду.
Газа секторундагы атышууга «Ислам жихады» тобунун лидеринин өлтүрүлүшү себеп болду.

Израил 13-ноябрдын таңында Газага ракетадан сокку уруп, андан дагы эки палестиналык көз жумду. Ушуну кошкондо бул аймакта дүйшөмбүдөн бери курман болгондордун саны 12ге жетти.

Соңку кагылышуу Израил Газа аймагынан «Ислам жихады» согушкер тобунун кол башчысын жок кылгандан кийин башталды. Бул топту Иран колдойт деген маалымат бар. Израил билдиргендей, Баха ал-Атта чек араларда бир катар чабуулдарды ишке ашырган жана алдыда да пландап жаткан.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Израилдин ракеталык чабуулу «Ислам жихады» тобунун саясий лидеринин Дамасктагы үйүнө да багытталып урулган. Анда эки киши курман болгон. «Ислам жихады» тобу тараткан билдирүүгө караганда, израилдиктер уюмдун саясий лидери Акрам Ал-Ажуринин үйүн бутага алышкан.

Буга жооп катары "Ислам жихады" тобунун согушкерлери бир күн ичинде Израилди көздөй 200дөй ракета учурушту. Ал жакта жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС куралдуу тобу бул жолку кагылышууларга аралашкан жок.

Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Израил-Палестина ортосундагы кезектеги кризисти жайгаруу максатында Каирге жөнөп кеткенин "Reuters" өз булактарына таянып жазды.

XS
SM
MD
LG