Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Венецияны 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй суу каптады


Венецияда суу акыркы ирет 1966-жылы эң катуу ташкындаган.
Венецияда суу акыркы ирет 1966-жылы эң катуу ташкындаган.

Италиянын Венеция шаарында суунун деңгээли соңку 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүлүп, 187 сантиметрди түздү. Акыркы жолу суу 1966-жылы эң катуу ташкындаган жана анда 198 сантиметрге чейин жеткен.

Ташкындын айынан калаанын 90 пайызы, анын ичинде тарыхый жайлардын баары суу алдында калды. Ыйык Марк аянтындагы суунун бийиктиги бир метрге жетти.

Жергиликтүү басылмалар табыгый кырсыкта 78 жаштагы бир адам өлгөнүн жазып чыгышты. Ага ылайык, улгайган адамдын үйүнө суу кирип, аны электр тогу урган. Венециянын мэри Луижи Бруньяро кырсыкты климаттын өзгөрүшү менен байланыштырды.

Бир катар адистер кайсы бир убакта Венеция толугу менен суу астында калышы ыктымал экенин эскертип жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG