Хорватияда президенттик шайлоо 22-декабрга белгиленди. Бул тууралуу премьер-министр Андрей Пленкович 14-ноябрда жарыялады.
Президенттик шайлоодо негизги атаандаштык оңчул-борборчул Хорватия демократиялык биримдигинин талапкери Колинда Грабар-Китарович менен Социал-демократиялык партиянын талапкери, мурдагы премьер-министр Зорана Милановичтин ортосунда болот.
Хорватияда президенттик кызматтын ыйгарым укуктары чектелүү. Президент мыйзамдарга вето коё албайт, ошол эле кезде тышкы жана коргонуу саясатын жүргүзүүдө ыйгарым укуктары бар.
Эгер биринчи айлампада талапкерлердин бири да 50 пайыздан көп добуш ала албаса, анда экинчи айлампа 5-январда өтөт.