Бишкекте бүгүн «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалы жыйынтыкталат.
Бул жылы фестиваль БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналып, «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.
Фестивалга ондон ашык өлкөдөн 20дай даректүү тасма катышты. Бул тасмалар катаал шарттагы балдардын укуктарын коргоо өңдүү бир топ темаларды чагылдырат.
Мындан сырткары фестивалдын алкагында балдардан укуктары боюнча талкуулар, семинарлар өттү.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму уюштурган фестиваль быйыл 13-жолу өттү.