Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

ЖАМКтын тергөөчүсү коррупцияга шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-ноябрда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына аял кайрылып, укук коргоо органдарынын кызматкери ага карата сотко чейинки өңдүрүшкө алынган ишти чечип бериш үчүн 20 миң сом сурап жатканын айткан.

Бул арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара талап кылуу») боюнча катталган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ыкчам тергөө иштерининин алкагында 14-ноябрда шаардагы кафелердин биринен 20 000 сом акча каражатын накталай алып жаткан жеринен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалган.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан иликтөө жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG