Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 19:58

Пакистандын түштүгүндө нөшөрлөгөн жаандан 27 киши өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистанда нөшөрлөп жааган катуу жаан менен чагылгандан улам кеминде 27 киши өлдү. Бийлик 15-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүгүндөгү Синдх деген чөлдүү аймакта чукул кырдаал жарыяланып, ал жакка куткаруучулар жөнөштү.

Ондогон киши, көбүнчө балдар менен аялдар түрдүү жаракат алып ооруканаларга жеткирилди. Алар чагылгандан жабыркаган же катуу жааган жаандан улам кулаган бак-дарак, имараттардын алдында калышкан.

- Куткаруучулар алыскы айылдарга жеткиче каза тапкандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн, - деп билдирди жергиликтүү бийликтин өкүлү. Чагылган түшкөндө башталган өрттөн улам жүздөгөн жаныбар өлгөнү кабарланды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG