Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Студенттерине үйлөнгөн дарыгерге иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык төрөтканасынын дарыгерине үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ага каршы милицияга арызды ушул эле төрөтканада ординатурада окуп жаткан студент жазган.

25 жаштагы Мээрим ушул жылы жазында Ош мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктап, ординатурада окуусун улантууга Ош шаардык төрөтканасына тапшырган. Ал көп өтпөй август айында аталган ооруканада иштеген дарыгер Замир Сыдыковго турмушка чыкканын, күйөөсү менен жашаган үч ай ичинде зордук- зомбулукка чыдабай, бир ай мурун төркүнүнө кетип калганын айтууда:

- «Сен кимге керек элең? Ата-энеңе керегиң жок. Мен сени кааласам өлтүрүп коем» деп тапанча такап коркутчу. Же «жанымды кыям» деп айтчу. Бир жолу көчөдө элдин көзүнчө уруп, сүйрөп келди. Окуум калды, турмушка болгон көз карашым өзгөрдү. Көрсө, анын мындай мүнөзүн элдин баары билчү экен. Кесиптештери аны менен бирге түнкү нөөмөттө калганда шыбырашып калышчу. Мага чейин ушундай студент кыздар көп болгон экен. «Же өзүмө кол салам, же үйгө кетишим керек» деп акыры баарын апама айтып бердим.

Кызынын айтканына таянып, Ош шаардык прокуратура жана милиция бөлүмүнө Мээримдин апасы Ибадат Тыныбекова ушул жылдын октябрь айында арыз менен кайрылган. Ал күйөө баласын жоопкерчиликке тартыш үчүн көрүнгөн жерде эшик каккылап жүргөнүн айтууда:

Дарыгер болом деп максат кылган кызымдан эч нерсе калбаптыр. Бети-башы көк ала, жарылган.

- Мен кызымды көргөндө тааныбай калдым. Дарыгер болом деп максат кылган кызымдан эч нерсе калбаптыр. Бети-башы көк ала, жарылган. «Мындай болбойт» деп, дароо экспертизага алып барып, милицияга кайрылдык. Көрсө, буга чейин бир да жолу окуусуна барган эмес экен. Аны үйүндө камап коюшуптур. Алты жыл атасы экөөбүз кызымдын контрактын төлөп окутканбыз. Эми болсо ал окуудан айдалганы калган экен. Жакында эле сабагына бара баштады. Милицияга ишенбей, өзүм ишти иликтей баштадым. Көрсө, кызым анын төртүнчү аялы болуптур. Баары медициналык окуу жайларынын студенттери экен. Азыр кайрылуу катын президентке, депутаттарга жибердим. Ал жазасыз калбашы керек.

Ал эми өзүн Миргүл деп тааныштырган аял 31 жашта. Ал дарыгер Замир Сыдыковдун экинчи аялы экенин билдирди. Ал Оштогу медициналык коллежде экинчи курста окуп жаткан маалда 21 жашында дарыгерге турмушка чыканын айтат. Ушу тапта эки баласын жалгыз тарбиялап жаткан аял ооруканада медайым эмес, базарда соодагер болуп иштеп калганын кошумчалады:

- Мен турмушка чыкканда анын буга чейин аялы бар экенин билген эмесмин. Көрсө, аялы да өзү иштеген ооруканада гинеколог болуп иштечү экен. Андан бир баласы бар. Ошол баласын көргөндөн кийин гана ал ажырашканын билгем. Ал аялы азыр башка бирөөгө турмушка чыгып, Түркияга кеткен деп уккам. Дайыма сабачу деп айтпайм. Бирок үйдө камап, өзү дайыма кыздар менен жүрчү. Ошон үчүн кетип калгам. Окуумду да бүтпөй, иштей албай калдым. Азыр балдарга акча берип турат. Мен өзүм базардан тапкан акча аларга жетпейт. Ошон үчүн милицияга кайрылган эмесмин.

Ал эми Баткен облусунун тургуну Чынара - Мээримге чейинки, тагыраагы Сыдыковдун үчүнчү аялы. Келиндин айтымында, ал ушул жылдын 19-апрелинде экинчи баласын төрөп, кыркын чыгарганы үйүнө кеткен. Күйөөсү ошол бойдон келбей, үч айдан кийин үйлөнүп алганы белгилүү болгон. Ал да Мээримдей Ош мамлекеттик окуу жайын аяктап, аталган төрөтканага ординатурага тапшырган экен:

Ал аялы да мага чалып, сүйлөшкөнбүз. Аялдары баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз.

- Үйлөнгөндөн кийин мени үйгө камап, «эч жакка барбайсың» деп койду. Ошентип окуудан айдалып кетпейин дегем. Кийин аны уккан атам эптеп дипломду алып берди. Мага кнопка баскычтуу телефон эле берчү. Аны менен Интернетке кире албайсың. Ортодо эки балабыз бар. Экинчи баламды төрөп төркүнүмдө жүргөндө чалып, болор-болбос нерсе үчүн уруш баштап, мени алып кетишкен эмес. Андан үч ай өтпөй башкага үйлөнүп алганын билдим. Ал аялы да мага чалып, сүйлөшкөнбүз. Аялдары баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз. Мен расмий каттоого туралыбы десем, ал мага «насыяларымды төлөп бүтөйүн» деп койчу. Башкалар менен жүргөнүн көп көргөм. Бирок кайненем «эркек ушинтет да» деп сооротуп келген эле.

Дарыгердин жубайларыбыз деген үч келин никелери расмий каттоодон өтпөгөнүн, молдонун гана кыйган никеси менен чектелгенин билдиришти.

Ош шаардык төрөткананын анестезиологу Замир Сыдыковдун өзү менен байланышканыбызда ал ооруканада дарыланып жатканын билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми ал иштеген Ош шаардык төрөткананын баш дарыгери Зейнеп Исраилова буларды айтып берди:

- Окуя боюнча кабарым бар, аялы бизде ординатурасынын бир жылын өткөн. Кыздын апасы кайрылган, «укук коргоо органдарына кайрылыңыз» деп жазуу түрүндө ага жооп берилген. Бирок ординатуранын экинчи жылы 2019-жылы сентябрында башталган, ал кыз келген жок. Буга чейинки аялдары тууралуу билбептирмин.

Мээримдин арызы боюнча ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо бөлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине 75-берене («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча каттап, тергөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков буларды билдирди:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- Сотко чейинки тергөө иштери аяктады. Буга чейин бир нече жолу беттештирүүгө жабырлануучу тарап катышкан эмес. Муну кыздын энеси жабырлануучу стресс абалында экени менен түшүндүрдү. Иш жакында сотко өтөт.

Эскерте кетүүчү жагдай - сөз болуп жаткан келиндер арызданган Ош шаардык төрөтканасынын анестезиологу Замир Сыдыков менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысынын аты-жөнү окшош.

Арыз жазган Мээрим ушул тапта Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунда психологдордун көзөмөлүндө. Укук коргоочу, аталган кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова өлкөнүн түштүк аймагында үстү-үстүнө аял алуу же көп аялдуулук маселеси кадыресе көрүнүшкө айланып баратканын билдирди:

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

- Негизи бул маселе күчөп, жарылайын деп калды. Мындай учурларга таң калбай деле жатышат. Кызыгы, мунун туугандары деле туура көрүшүп, өздөрү кошо кетирип, эки-үч аял алууга жол берип жатышат. Аялдар көбүнчө акча жагынан көз каранды болуп же ушундай кызматтык абалынан пайдаланган учурлар да көп болуп жатат.

Бул окуяны 14-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги текшере баштады.

Үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана укук коргоо уюмдарына кайрылган аялдар 2018-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG