Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Адвокат: 18-ноябрдагы сотто Ибраимовдун күнөөсү далилденген жок


Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.
Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев «Азаттыкка» ушундай маалымат берди. Анын айтымында, бул күнкү отурумда Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатына жана «Дастан» заводуна тетик сатып алуу маселесине байланыштуу иш каралган. Слесарев айыптоочу тарап бул эки иште тең негиздүү далилдерди көрсөтө алган жок деген оюн айтты:

- Алар пансионаттын сатылышына Ибраимовдун тиешеси бар экенин жана иште айтылгандай, муну менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусун далилдей алышкан жок. Анткени Ибраимов ал кезде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп туруп, пансионаттын сатылышына эч кандай таасир эте алмак эмес. Ал эми экинчи иште - «Дастан» заводунда турган мүлктү «Ибраимов жок кылды» деп атышат. Ага эч кандай далил жок.

Баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши Ленин райондук сотунда каралууда. Отурум 20-ноябрда уланат.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG