Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:47

Депутат Казакбаев ЕЭАБдин жыйыны боюнча өкмөттү сындады


Руслан Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү даярдыксыз барганын сынга алды.

Бул тууралуу депутат парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында билдирди. Казакбаевдин айтымында, ЕЭК коллегиясынын жыйынында Кыргызстан үч маселе көтөрүп, бирок анын бирөө да колдоо тапкан эмес.

- Көп нерсе кадрларга байланыштуу, - деди ал. - Чет мамлекеттердеги сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргош үчүн жакшы кадрларды жибериш керек. Жакында ЕАЭБдин жыйыны болду. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБдеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков катышты. Кыргыз тарап үч маселе көтөрдү. Автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруунун мөөнөтүн узартуу боюнча сунушу четке кагылып, Кыргызстан көтөргөн дагы эки маселени кийинкиге жылдырып коюшту. Калган маселенин баарын карап бүтүштү. Бул эч кандай даярдык болбогонун көрсөттү.

18-ноябрь күнү Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны болгон. Ал жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнүп, бирок союздаштар аны колдогон жок.

Андан тышкары Кыргызстан көтөргөн ЕАЭБдин бажы өткөрмө пункттарында үч сыйра көзөмөл жүргүзүү, ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүү маселелери каралбай калды. Өкмөт муну ЕЭК кеңешинин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелердин көптүгү менен байланыштырды. (BTo/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG