Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Саймаитинин саясаттагы шектүү алакалары


Cүрөттө: Айэркен Саймаити, Эркин Сопоков, Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Дүйшөн Төрөкулов. Сайттардан алынып, даярдалган коллаж.
Cүрөттө: Айэркен Саймаити, Эркин Сопоков, Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Дүйшөн Төрөкулов. Сайттардан алынып, даярдалган коллаж.

Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин Стамбулдагы мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен карым-катышы анын кыргыз саясий элитасындагы күмөндүү байланыштары тууралуу суроолорго жем таштады.

Айэркен Саймаитинин чырдуу ысымы мурдагы консул Эркин Сопоков менен эле байланышта эмес. Мурда пара менен кармалып, кылмыш иши козголгонуна карабастан жазасыз калган анын уулу Азамат Мамасалиевди парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров өзүнө жардамчы кылып алганы да социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Ошондой эле Айэркен Саймаити менен «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун бирге түшкөн сүрөттөрү Интернетке жарыяланды. Ушундан улам анын «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов сыяктуу Кыргызстандагы үлкөн саясатчылар менен болгон күмөндүү байланыштары боюнча маселени иликтөөнү күн тартибине чыгарды. Саясатчылар мындай чырдуу ысым менен байланыштары тууралуу шектенүүнү четке кагып, өз жүйөлөрүн келтиришти.

Саймаитинин сапары: соцтармактан табылган байланыштар

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан көптөн бери издөөдө жүрүп, жакында Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити Кыргызстанда Самятов Эркин Салимович деген ысым менен жалган паспорт алганы ачыкка чыкты. Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто ал 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын маалымдаган. Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн мейманкананын астында табылган «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугуна таандык болуп чыккан. Тышкы иштер министрлиги сөз болуп жаткан жолтандабас бул окуядан соң кызматтан алынган башкы консул Эркин Сопоковго караштуу экенин ырастаган.

Ал эми жарандык активисттер мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин тыгыз байланыштарын социалдык тармактар аркылуу аныктап чыкканы белгилүү болду. Башкы консул Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасынан алгач Эркин Семет деген аккаунт байкалып, анын «Инстаграмдагы» semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөттөрү табылган. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган, ошол эле күнү Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчу «Твиттерге» башкы консул Эркин Сопоков жана анын ишкер достору менен жолукканы тууралуу жазуу калтырган. Бул арада жакында түзүлгөн мекеме аралык тергөө тобу мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишин иликтеш үчүн Стамбулга учуп кетти.

Ал эми алгач Эркин Сопоков менен Айэркен Саймаитинин тыгыз байланыштарын тапкан мурдагы депутат Ширин Айтматова төмөндөгүдөй суроолорду койду:

Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

«Стамбулга жөнөгөн жумушчу топ чындыктын изин жашырууга эмес, коомчулукка анын жигин ачууга барды деп үмүт кылабыз. Биз төмөнкү суроолорго жооп талап кылабыз! 1-суроо: Айеркен Саймаити өлтүрүлөр алдында ким менен отурган? 2-суроо: мурдагы башкы консул Эркин Сопоков ал учурда кайда болгон? 3-суроо: Айеркен Саймаитинин «Фейсбуктагы» баракчасындагы досторунун арасынан айрым депутаттардын, алардын балдарынын, коомдук ишмерлердин, спортчулардын сүрөттөрүн таптык. Алар өлтүрүлгөн Саймаити менен кандай байланышта болгонуна түшүндүрмө талап кылабыз жана ал жагдай тергөөгө жардам бере алабы? 4-суроо: бир жылдан бери издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити 2018-жылдын март айында Бишкекте жасалма номурлуу машине менен видео жарыялап жатат, анда эмнеге кармалган эмес?»

«Үлкөндөрдүн үчилтиги»

Буга чейин Ички иштер министрлиги 2017-жылы Айэркен Саймаитини ири өлчөмдөгү акчага байланыштуу «Алдамчылык» беренеси боюнча айыптап, жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөөгө берген. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон. Бирок мурдагы депутат Ширин Айтматова белгилегендей, Кыргызстандын укук коргоо органдары аны издөөгө анчейин деле ынтызар болбогону Айэркен Саймаитини колдоп келген Кыргызстандагы саясий элитанын арасында анын ири байланыштары болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Бул арада Стамбулда Айэркен Саймаитиге дипломатиялык номур тагылган жолтандабасын берип турган мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров менен байланышы тууралуу маселе чыкты. Анткени 2017-жылы март айында пара менен кармалып, УКМКдан кызматтан айдалган Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев көп өтпөй эле кандайча жазадан кутулуп, Жогорку Кеңешке депутат Төрөбай Зулпукаровго жардамчы болуп жумушка орношкону ачыкка чыкты. Кийин КСДП фракциясынын катчылыгында юрист-консультант болуп иштеп жүргөн Азамат Мамасалиев атасына байланыштуу соңку чырдан улам жакында эле кызматынан кеткени белгилүү болду. Бирок Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев кантип кызматка алынганын анын атасы менен болгон байланышы аркылуу эмес, анын маркум таятасы экс-депутат Эгемберди Эрматовдун ысымы менен байланыштырды:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

- Биз аны кызматтан кетирген жокпуз. Ал өзү атасынын окуясынан кийин эле өз ыктыяры менен арызын жазып, кызматынан кетиптир. Жеке каалоосуна байланыштуу кеткендиктен биз ага бир нерсе деп айта албайбыз. Мындайча айтканда, ал кезинде УКМКдан да, анан жакында биздин катчылыктан да өз арызынын негизинде кызматынан кеткен. Эркин Сопоковду мен тааныйм. Ал маркум депутат, кесиптешибиз Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Ал эми Айэркен Саймаити дегенди мен өмүрүмдө көргөн эмесмин. Анын Кыргызстанда ишкердик менен алектенип жүргөнү тууралуу кийин маалымат каражаттарына чыккандан кийин гана билдик. Себеби ал киши тууралуу маалымат каражаттарында өтө көп сөздөр айтыла баштады. Ошондон улам биз да башка жарандар катары эле анын атын маалымат каражаттары аркылуу билип калдык. Ал эми Эркин Сопоков тууралуу эми Эгемберди Эрматовдун көзү өткөндөн кийин аны «тааныбайм» деп койсом туура эмес болуп калат. Бул жигитчиликке жатпайт. Ошондуктан аны менен тааныштыгым болгон деп айта алам.

Ошол эле учурда Айеркен Саймаитинин окуясына байланыштуу Стамбулдагы башкы консулдуктан алынган Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев УКМКда иштеп жүрүп, 2017-жылы март айынын башында пара менен колго түшкөнү тууралуу видео тасманын Интернетке чыкканы, кийин анын кылмыш иши кандайча жабылганы жана андан соң анын парламентке кантип кызматка алынганы тууралуу суроолор жоопсуз калууда. Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук кызматы 2017-жылы 10-мартта акча талап кылуу фактысын иликтеп жатып, Азамат Мамасалиев аттуу жаранды акча менен кармаган. Автоунаасын тинтүү учурунда кармалган жаран атайын кызматтын офицери экени анын кызматтык күбөлүгү аркылуу белгилүү болгон эле.

Белгилей кетсек, жакында президенттин жарлыгына ылайык Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан алынган. Эркин Сопоков Стамбулдагы башкы консулдук кызматта туруп, издөөдөгү ишкер Айеркен Саймаити менен тыгыз байланышта болгону, анын минип жүргөн «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаасында консулдукка караштуу дипломатиялык номер тагылып жүргөнү буга себеп болгон. Эркин Сопоковдун Стамбулдагы башка күмөндүү ишмердигин иликтеш үчүн Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ Түркияга кеткен.

Сопоковдун «секириги»: айдоочулуктан консулдукка чейин

Белгилүү акын, экс-депутат Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы деп айтылган Эркин Сопоков Икрамжан Илмияновго чейин «Кыргызавтомаш» ишканасында Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп иштегени белгилүү. Андан соң ал ички иштер органдарында иштеп келип, 2010-жылдан соң Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлыгына чейин жеткен. Андан кийин Эркин Сопоков президенттин иш башкармалыгында жетекчилик кызматтарда жүрүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2017-жылы апрель айында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болуп дайындалган. Ошол кездеги айрым эркин басылмалар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бир шоопурун Стамбулдагы башкы консулдукка коюп, чоң кызматка дайындаганы тууралуу жазып чыгышкан.

Саясий талдоочу Максат Чакиев Айеркен Саймаитинин өлүмү кыргыз саясий элитасынын эл аралык шылуундар менен болгон күмөндүү байланыштарынын бетин ачып койду деп эсептеп, муну тергөө тыкыр иликтеши керек деген оюн ортого салды:

- Мунун бардыгын тергөө органдары иликтеп, алардын бири-бири менен канчалык чырмалышканын, канчалык алар биригип алып, жанагындай кылмыштуу иштерге барышканын аныктап чыгышы зарыл. Ал эми бул жерде сүрөттөр сүйлөйт дегендей, сүрөттөрдө алардын чогуу отуруп, чай ичип жатышканы көрүнүп турат. Мүмкүн алар жөн эле тааныш катары дагы качандыр бир кезде бирге сүрөткө түшкөн болсо керек. Бирок кандай болгон күндө да биздин саясий элита болуп саналган, мамлекетибизде чечим кабыл алуу укугуна ээ болгон инсандар ушундай жерлерден көрүнүп калып жатканы албетте, алардын саясий беделине шек келтирет. Алардын адамдык абийирине күмөн жаратат. Анткени бизге негизи ошол эле Саймаитиге окшогон эл аралык деңгээлдеги шылуундар келип, кандайдыр бир күмөндүү ишкердик менен алектенген учурлар болуп жатат. Албетте, бизде кайтыш болгон киши тууралуу жаман сөз айтпайт. Бирок ал адамдын ысымы көптөгөн ошондой жакшы эмес иштерге байланышып калбадыбы. Анан ошондой шылуундардын чуулгандуу иштерине биздин саясий элитанын айрым өкүлдөрүнүн, парламент депутаттарынын аралашып калып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ушунун бардыгы эми тергөөдө жаап-жашырылбай, терең иликтениши зарыл.

Ошол эле кезде Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын менен байланышы бар кыргызстандыктар тууралуу Интернеттеги социалдык тармактарда ар кандай такталбаган маалыматтар улам чыгып жатат. «Фейсбукта» «Bespredel» деп жаңыдан ачылган баракчада «парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Айеркен Саймаити отурат» деген сүрөт жарыяланды. Анда депутат Төрөкуловго, ишкер Саймаитиге окшош адамдар бир нече киши менен чогуу тамактанып отурганын көрүүгө болот. Анда депутат Дүйшөн Төрөкулов уйгур улутундагы Кытай жараны Айеркен Саймаити менен бир кезде чогуу иштегени, алар мыйзамсыз жолдор аркылуу сыртка акча ташып чыгаруу менен алектенгени тууралуу такталбаган маалыматтар жазылган. Ошондой эле анда Айеркен Саймаитиге кол салуу болгонго чейин «Манас» аба майданынын жанынан акча ташып баратып, өлтүрүлгөн таксист дагы «Айеркендин адамы болгон» деп көрсөтүлгөн.

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити менен мурда тааныштыгы болгонун ырастап, бирок анын эмне менен алектенерин билбегенин айтып, маалымат каражаттарына комментарий берди:

Дүйшөн Төрөкулов.
Дүйшөн Төрөкулов.

- Айеркен Саймаити - Кытайдан келген уйгур жигити. Мен өзүм Кара-Суудан болом. Кезинде Кара-Суу базарында иштегем. Ошого байланыштуу Кытайдан келип, Кара-Суу базарында соода-сатык менен алектенген уйгур ишкерлеринин 90 пайызын тааныйм. Бүгүнкү күнгө чейин алардын көпчүлүгү менен мамилем бар. Ошолордун катарында Айеркен Саймаити менен да мамилем болгон. Ал жигит менен бир эле жолу эмес, көп жолу чай ичкенбиз. Бирге жүргөн жерлерибиз бар. Мамилебиз болгон. Анан кимдер менен гана мындай мамиле болбойт? Азыр эми аны менен бирге Кара-Сууда чай ичип отурган сүрөттү чыгарып алышып эле, талкуулап жатышканы кимге кызык болуп жатканына таң калам. Мен бул жигит менен тааныш дос катары, көргөн жерден жылуу учурашып, чай ичишип калчумун. Анын эмне менен алектенерин, кимдер менен иштегенин сырттан эле билип, анын иштерин тереңден билбейт элем. Мен анын иштери тууралуу үстүртөн эле билчүмүн. Акыркы жолу аны менен качан жолугушканыбызды эстей албайм. Көп эле болду. Ага издөө жарыяланганын билем, ой, билбейт экенмин. Бирок бирөөлөр арыз жазып, ага иш козголгону тууралуу кабарым бар эле.

Кыргызстандагы бул чуулгандуу байланыштардын тамырын мекеме аралык тергөө тобунан сырткары, башка өңүтүнөн экс-депутат Ширин Айтматова негиздеген «Үмүт-2020» кыймылы эл аралык «Беллингкэт» иликтөө уюму менен бирге иликтей турганы белгилүү болду. Ошол эле кезде саясат талдоочу Марс Сариев Айэркен Саймаитинин өлүмүнүн себептерин иликтөө анын Кыргызстандагы ири байланыштары тууралуу чиеленишкен түйүндү чечүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ал айрым жаңы ысымдардын ачыкка чыгып жатышын ушул жагдай менен түшүндүрдү:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Башында, буга чейин Айеркен Саймаитини Райымбек Матраимов менен аябай эле байланыштырып жатышкан. Азыр эми аны менен байланышы бар деген башка саясатчылардын - Алтынбек Сулаймановдун, Дүйшөн Төрөкуловдун, Эркин Сопоковдун жана Төрөбай Зулпукаровдун аттары атала баштады. Булардын бардыгы азыр эми АКШдагы бир кезде чыккан «Уоттергейт» иши сыяктуу чоң бир «Кыргызгейт» иши болуп калышы мүмкүн. Анткени бул чуулгандуу ишти Ширин Айтматова жетектеген кыймыл эл аралык иликтөөчү компания менен бирге изилдей турганы жарыяланбадыбы. Ал эл аралык иликтөөчү компания кезинде Чыгыш Украинада жүргүнчүлөр учагы аталган аймактын үстүнөн учуп өтүп баратканда жерден атып түшүрүлгөн жагдайдын табышмактуу учурларын иликтеп чыккан. Ошон үчүн эгерде ошондой чоң тажрыйбасы жана чоң мүмкүнчүлүгү бар компания бул чуулгандуу иштин анык далилдерин таап чыгып, фактыларды коомчулуктун астына жайып бере турган болсо, бул маселе Кыргызстанда өтө чоң саясатка айланып бараткандай болуп жатат. Анын жыйынтыгын эми аягына чейин чыдап, күтө туралы. Ага чейин Кыргызстандын Стамбулга учуп кеткен тергөө тобу да окуянын олуттуу илинчектери тууралуу маалыматтарды бериши мүмкүн.

2014-жылы «Ош» аэропортунан белгисиз бир өзбекстандык ишкерге таандык деген миллиондогон доллар акчаны карактап кеткен чуулгандуу окуя социалдык тармактарда эскертүү катары жарыяланууда. Бул акчанын контрабандалык жол менен Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилиши мүмкүн экени айтылган болчу. Ошондуктан акчанын ээси табылбай, аны тонотуп жиберген жабырлануучу тарап да анда аныкталбай калган эле. Бирок аэропорттун коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Данил Токтоконов «Азаттыкка» ага бул карактоого ыңгайлуу шарт түзүп бергенин жана каракчыларга көмөктөшкөн жагдайлар белгилүү болгонун ачык айтып чыккан. Алардын негизгилери катары Данил Токтоконов директор Абдинаби Алиевдин жакындарынын бири, компаниянын жашыруун бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Жаанбаев кылмышка шектүү катары алгач кармалып, бирок аз өтпөй үй камагына чыгарылганын мисалга алган. Ал эми Ош аэропортунун директору Абдинаби Алиевдин бул кызматка дайындалышына ошол кезде «Республика» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун салымы болгону айтылган.

Мына ушул жагдайларга байланыштуу азыр «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов аны Ош аэропортундагы контрабандалык акчаны тоноого жана Айэркен Саймаитиге байланыштырган каралоо башталганы тууралуу маалымат каражаттарына комментарий берди:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Ошол 2014-жылы Оштун аба майданындагы карактоого байланыштуу кылмыш иши ачылган. Ага катышы бар адамдар бүгүнкү күндө абакта отурушат. Бардыгы ачылып, кармалып, тиешелүү адамдар жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Ал эми жанагы Интернетке чыгарылган видео тасма - ал ошол окуяга чейинки, тагыраагы 2014-жылга чейин тартылган тасма. Аны кийин айландырып келип, бүгүнкүдөй кылып мага байлап, мени жаман көрсөтүш үчүн 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун астында чыгарышкан. Ал эми Айеркен Саймаитини болсо Ош тарапта тааныбаган адам жок. Бардыгы таанышат. Ал эми азыр бекинип алышып, «аны тааныган эмесмин» дешип, айрым адамдар жалган сүйлөп жатышат.

Ошол эле кезде учурда мурдагы башкы консул Стамбулда Эркин Сопоков дипломатиялык номур тагылган жолтандабасын кандайча Айеркен Саймаитиге берип турганы жана анын киши колдуу болгон окуясына кандайча тиешеси болушу мүмкүн экендиг боюнча түрк полициясына күбө катары сурак берип жатканы белгилүү болду. Анын Стамбулдагы күмөндүү деген ишмердигин иликтеш үчүн Бишкектен учуп кеткен мекеме аралык тергөө тобу түрк полициясы менен бирге анын ишинин айрым күмөндүү жагдайларын иликтөө боюнча кызматташа турганы айтылды. Мында тергөө тобу алгач башкы консул эмне себептен Кыргызстанда издөөгө алынган адам менен Стамбулда байланышып жүргөнү, аны менен буга чейинки тааныштыгынын тамыры жана бул көмүскө чынжырчадагы башка ири байланыштар тууралуу маалымат алгысы келери белгиленди. Буга чейин «Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. долларга чукул акча Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою шектүү каналдар аркылуу Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG