Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

23-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 3...5 градус болот.

XS
SM
MD
LG