Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 17:18

Кремль: «тыңчылык чыры» Вучичтин Москвадагы сапарына көлөкө түшүрө албайт


Владимир Путин менен Александр Вучич.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Белград менен Москванын ортосундагы тыңчылыкка байланышкан чуу тууралуу журналисттерге комментарий берди. Анда ал Сербиянын президенти Александр Вучичтин Москвада өтчү сапарына даярдык көрүлүп, аны күтүп жатышканын, бул сапарды эки өлкөнүн алака-катышы үчүн маанилүү деп эсептешерин, «тыңчылык чыры» бул сапарга көлөкө түшүрө албай турганын айтты.

Мунун алдында серб бийлиги өздөрүнүн жогорку даражалуу аткаминери «Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү менен байланышы болгон» деген маалыматты иликтей баштаганы белгилүү болгон. Александр Вучич Аскердик коопсуздук агенттигине коомчулукка жарыяланып кеткен видеотасманы жакшылап текшерүүнү тапшырган.

Бул тасма «Youtube» тармагына мындан бир канча күн мурда жарыяланган. Анда Орусиянын чалгынчысы катары кеп болгон адам Сербиядагы агенти катары белгиленген кишиге акча берип жатканын көрүүгө болот.

Сербиянын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн атайын кызматы бул видеотасма жасалма эмес экенин аныктаганын жазышты.

«Bellingcat» иликтөө тобу менен кызматташып жүргөн журналист Христо Гроздевдин айтымында, анда Белграддагы аскердик атташе, орусиялык аскердик чалгын кызматынын өкүлү Георгий Клебан көрүнөт. Ал эми андан акча алды деген адам Сербиянын чалгын кызматынын офицери, бирок анын жүзү тасмада даана эмес, бозортуп көрсөтүлгөн.

Москва менен Белграддын саясий жана экономикалык алака-катышы жалпысынан туруктуу болуп келген. Кремль Сербиянын Косовонун эгемендигин таануудан баш тарткан саясатын колдойт жана серб жоокерлерин курал-жарак менен камсыз кылат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG