2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде ири кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 23-ноябрда Түркиянын баш калаасында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөт аралык комиссиясынын IX жыйыны болду. Ага Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышты.
Жыйында экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Ал соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турат.
Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөрүн президент Сооронбай Жээнбеков сентябрда кыргыз-түрк ишкерлеринин Бишкектеги форумунда билдирген.
Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү учурда 400 миллион долларды түзөт. 2018-жылы Түркиядан 93 миллион доллар инвестиция келген. (SE)