Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

«Аэрофлоттун» учкучу учакта көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын экинчи учкучу Москва-Анапа багытында учуп баратканда көз жумду. Мындан улам авиалайнер Ростов-на-Дону аэропортуна чукул конууга мажбур болгонун ТАСС агенттиги 24-ноябрда жазды.

«Аэробус» 8:20да Шереметьево аэропортунан учуп чыккан. Саат 10го жакын учкуч өзүн начар сезип, экипаж чукул конууга уруксат сураган. Учак жерге жакындап калганда 49 жаштагы учкуч көз жумган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, анын жүрөгү кармаган.

Бортто канча жүргүнчү баратканы жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG