Кабулда жекшембиде БУУнун машинеси жардырылганда кеминде бир чет өлкөлүк киши каза тапты. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахиминин айтымында, 5 киши, анын ичинде БУУнун оогандык эки кызматкери жарадар болду.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок ооган баш калаасында «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму менен «Талибан» кыймылынын согушкерлери буга чейин теракттарды уюштуруп келишкен.
Ал ортодо Дайкунди чөлкөмүндө талибдер текшерүү пунктуна кол салышканда бери дегенде 8 жоокер окко учту. Бул тууралуу губернатор Анвар Рахмати билдирди. 24-ноябрда ал жерге кошумча аскерлер барып, атышууда кеминде 20 жоочу жок кылынды. Ал кол салууну талибдер уюштурушканын кыймылдын басма сөз өкүлү Кары Юсуф Ахмади билдирди. Ошондой эле согушкерлер курал-жарак, ок-дары алып кетишкенин кошумчалады.