Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:29

Москвада үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы митинг өтөт


25-ноябрда үй-бүлөдөгү зомбулуккка каршы эл аралык күн белгиленет.
25-ноябрда үй-бүлөдөгү зомбулуккка каршы эл аралык күн белгиленет.

Москва шаарынын жетекчилиги «СоцФем Альтернатива» уюмуна кыз-келиндерге каршы зордук-зомбулукту токтотууну талап кылган нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берди. Митинг 25-ноябрда кечки саат алтыда башталып, үч саатка созулат. Демонстранттар «Яузкие Ворота» аянтында «Мекендин чек арачылары» эстелигинин алдына чогулат жана алардын саны 200дөн ашпашы керек.

Орусия - Европа Кеңешиндеги үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы кылмыш-жаза каралган мыйзамы жок жалгыз өлкө. Соңку он жылда Мамлекеттик Думага мындай 40тан ашык мыйзам долбоор келип түшкөн, бирок бирөө да кабыл алынган эмес.

Орусияда үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу талкуунун жанданышына ушул айдын башында Санкт-Петербург университетинин доценти, тарыхчы 63 жаштагы Олег Соколовдун өз батиринде аспирантын, соңку беш жылдан бери чогуу жашап жүргөн 24 жаштагы Анастасия Ещенкону мүчөлөп өлтүрүп салганы окуясы себеп болду.

25-ноябрда Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы эл аралык күн белгиленет.

XS
SM
MD
LG