Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Люксембург Палестинаны мамлекет катары таанууну сунуш кылды


Палестиналык балдар деңиз жээгинде.
Палестиналык балдар деңиз жээгинде.

Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн Европа Биримдигине Палестинаны мамлекет катары таанууну сунуш кылды.

«Der Tagessoiegel» гезитинин маалыматына караганда, ал Евробиримдиктин курамындагы өлкөлөр муну талкуулашы керек экенин билдирип, бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамптын саясатына каршы болорун белгиледи.

Министр Палестинаны ар бир өлкө өз алдынча мамлекет катары таанышы кыйын жараян экенин, айрыкча Германия, Франция, Белгия, Нидерланд, Испания жана Люксембург үчүн бул татаал маселе болорун кошумчалады. Бирок ал Европа Биримдигинин сунушу катары ишке ашырууга мүмкүн экенин айтты.

Мурдараак Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги еврейлер жашаган жерлерди аннексиялап аларын маалымдаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда Вашингтон Израилдин бул кадамы эл аралык укукка каршы келбей турганын билдирген. Мындай позиция БУУнун резолюцияларына, эл аралык коомчулуктун көз карашына жана укуктарга дал келбейт.

Израил 1967-жылдагы алты күндүк урушта Палестинага караштуу айрым аймактарды басып алган. Батыш жээкте Израилдин аскердик оккупациясы дагы деле уланууда.

XS
SM
MD
LG