Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 15:00

Иранда демонстранттардын 180 лидери кармалды


Кармоо учуру.

Иранда өкмөткө каршы демонстрацияларга катышкан 180 адам кармалды. Өкмөт 24-ноябрда колго түшкөн активисттерди «нааразы болуп чыккандардын лидерлери» деп атады.

- Биз Америкага жалтактаганын ачык айтып жаткан бардык куурчактарды кармадык. Аларды эң катаал жазага тартууга соттун күчү жетет, - деди Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командиринин орун басары Али Фадавий.

Кармалгандарга «күч органдарына кол салган, турак жайларга өрт койгон жана Интернет аркылуу чакырык таштаган» деген айып коюлууда.

Толкундоо өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң 15-ноябрда башталган.

Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда беш киши каза тапты. «Amnesty International» («Эл аралык мунапыс») уюму жана башка укук коргоочулар 100дөн көп кишинин өмүрү кыйылганын билдиришти.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG