Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Германия Кытайга адам укуктары боюнча милдеттенмелерин эсине салды


Кытайдагы «кайра тарбиялоочу лагердин» көрүнүшү.
Кытайдагы «кайра тарбиялоочу лагердин» көрүнүшү.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас шейшембиде Берлиндеги форумда сүйлөп жатып, «Кытайдын бийлиги адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тийиш» деп билдирди.

Анын алдында Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анда Кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты чогуу иликтеген, «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Мындан эки аптадай мурда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан. Аталган уюм 12-ноябрда ушул сыяктуу 182 жай бар экендиги тууралуу алгачкы маалыматын таратып, калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирген.

Улуттар уюмунун эсебинде ошол лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.

Бээжин анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

XS
SM
MD
LG