Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:41

Токаевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары башталууда


Токаев жана Жээнбеков. Бишкекте 2019-жылдын июнунда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун XIX саммитиндеги сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет. Шейшембиде Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен телефондо сүйлөшүп, алдыдагы сапарды талкуулашканын президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Токаев 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынына да катышат.

Ага уюмга мүчө мамлекеттердин - Беларустун, Орусиянын, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри келет. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG