Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:53

Албаниядагы жер титирөөдө бери дегенде 19 адам каза тапты


Албаниядагы жер титирөөдөн бери дегенде 19 адам каза таап, жүздөгөн киши жабыркады. Куткаруучулар урандыларды тазалап, издөө иштерин улантышууда.

АКШынын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетти жана очогу борбор калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте болду.

Тирана, Тумане жана Дуррес шаарларында бир катар имараттар, турак жайлар кыйрады.

Албания сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG