Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 13:36

Казакстан: Жакындары Кытайда камалгандар басма сөз жыйынын өткөрүштү


Жакындары Кытайда кармалган же кысымга учураган адамдар Нур-Султандагы басма сөз жыйынында. 27-ноябрь, 2019-жыл.

27-ноябрда Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда өткөн жыйында 40тай адам Казакстан бийлигинен Кытайда камалган туугандарын бошотууга жардам сурады. Жыйында алар туугандарынын сүрөттөрүн кармап отурушту.

Басма сөз жыйынында «Кытайдын саясий лагеринде камакта болгон» бир канча адам ал жерде көргөн азаптары тууралуу айтып берди.

Өзүн Турсынбек Каби деп тааныштырган адам аны Кытайда жер алдындагы зынданда жети күн кордошконун айтып берди.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур, кыргыз, казак ж.б. мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укуктары одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Мындан эки аптадай мурда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктары кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерди таап чыккан. Бул уюм 12-ноябрда ушул сыяктуу 182 жай бар экендиги тууралуу алгачкы маалыматын таратып, калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде ошол лагерлерде кеминде 1 миллиондой киши кармалып турат.

Өткөн жумада Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрү менен мусулмандар күчтөп кармалган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтерди жарыялаган. Анда Кытай бийлигинин лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур улутундагы эркектерге чыккан өкүмдөр бар.

Дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты чогуу иликтеген, «Кытай тору» деген ат менен жарыяланган баяндамада мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG