Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 22:56

Кытай АКШны «Бээжиндин ички ишине кийлигишпөөгө» чакырды


Гонконг полициясы.

Кытай АКШны «Бээжиндин ички иштерине кийлигишип жатат» деп айтыптады жана ушундан улам Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 28-ноябрда америкалык элчи Терри Бернстадды чакырды. Анын алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Гонконгдогу демократияны жана адам укуктарын коргоого багытталган эки мыйзам долбооруна кол койгон болчу.

Бул документтерде «АКШнын мамлекеттик катчысы бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеминде жылына бир жолу баяндама жасап турушу керек» деген жобо бар. Эгер Вашингтон Гонконг жетиштүү деңгээлде көз каранды эмес деп тапса, соода-сатыктагы айрым бир артыкчылыктар токтой турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле адам укуктарын бузду деген жогорку кызмат адамдарына санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү бар.

Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Лэ Юйчэн Вашингтонду «катасын оңдоп, багытын түздөөгө» чакырды. Аталган министрликтин расмий өкүлү Гэн Шуан эгер АКШ мындай кадамга барбаса Кытай менен мамилесине, алака-катышына доо кетерин эскертти.

Гонконгдогу толкундоо дээрлик жарым жылдан бери уланып келатат. Кытайдын бул бөлүгүндө миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка «кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору сунуш кылынганы» негиз болгон.

Шаардын жетекчилиги кийинчерээк документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган «күн карама» жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлери жазаланышын талап кылып жатышат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG