Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-ноябрда, Мамлекеттик бажы кызматында мурда төраганын орун басары болуп иштеп кеткен Райымбек Матраимовду күбө катары суракка чакырганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мекеме аралык тергөө тобу Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында тергөө иштерин улантууда.

«Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча суралат», деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуу боюнча маалыматтарды толук жана объективдүү жүргүзүү максатында, бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленди.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндөгү маегинде 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын айтып берген.

Саймаити ал жолу мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин айтып берген.

Башкы прокуратура 22-ноябрда, Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG