Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Европа менен Азияны байланыштырат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа менен Азияны байланыштырарын айтты.

- Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Жол тармагындагы эң ири долбоор - бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Европа жана Азиянын ортосундагы өз ара байланыштыруучу көпүрө катары аймактын транзиттик дараметин сезилерлик жакшыртат, - деди Жээнбеков.

Ал буга чейин темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого Орусия 200 миллион рубль бөлгөнүн жарыялаган.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуш кылган.

29-ноябрда Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу болду. Ага Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жетекчилери жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG