Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Жалал-Абадда ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору иштей баштайт


Жалал-Абаддагы ыкчам медициналык жардам көрсөтүү боюнча жаңы бөлүмдүн имараты.
Жалал-Абаддагы ыкчам медициналык жардам көрсөтүү боюнча жаңы бөлүмдүн имараты.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында кийинки айдан тартып ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү ишке кирет. Оорукананын директору Кумарбек Ботокараев билдиргендей, бөлүм ишке берилери менен бейтаптарды кабыл алуу, тез жардам көрсөтүү жана ооруканага жайгаштыруу да ушул жерде жүргүзүлө баштайт.

- Эки кабаттуу имарат толугу менен заманбап медициналык жабдуу менен камсыздалып, дарыгерлер да окутуудан өтүп жатат. 8 керебет жайгашып, эки операция бөлмөлөрү орун алган. Бул Кыргызстанда алгач ирет ачылып жаткан бөлүм болуп турат, - деди Ботокараев.

2-декабрда облустук клиникалык ооруканадагы курулуш иштери менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев таанышып чыкты. Январь айында ишке берилгени жаткан борбордун ачылышына президент да катышары айтылып жатат.

Немец өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы бейтапкананын курулушу 2017-жылдын май айында башталган. 1,7 млн евро курулушка жана 1,3 млн евро имаратка медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшалган.

Облустук оорукана жыл сайын 27 миңден ашык бейтапты тейлейт. 575 орунга ылайыкталган бейтапканада былтыр Кувейт өлкөсүнүн «Ассалам» фондунун каржылоосу менен 29 млн. сомго курулган күйүк бөлүмү да ачылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG