Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 12:30

«Газпром» Кытайга көгүлтүр отун жеткире баштады


«Сибирь күчү» деген газ кууру тууралуу Орусия менен Кытай 2014-жылы макулдашкан.

Орусиянын «Газпром» мамлекеттик ишканасы 2-декабрдан тартып Кытайга газ жеткире баштады. «Сибирдин күчү» деп аталган газ түтүктөрүнүн ачылышына телекөпүрө аркылуу Орусиянын жана Кытайдын лидерлери катышты.

«Газпром» жана Кытайдын CNPC мамлекеттик компаниясы он жылдан ашык сүйлөшүүлөрдөн кийин газ жеткирүү тууралуу 2014-жылы макулдашкан жана 30 жылга түзүлгөн келишим 400 миллиард долларга бааланган. Бул убакыт аралыгында кытайлык керектөөчүлөргө 1 триллион куб метр газ жеткирилери айтылган.

«Сибирдин күчү» деп аталган газ куурунун курулушуна бир топ адистер каршы чыккан жана ал өзүн актабай турганын, экономикалык эмес, геосаясий долбоор болгону белгиленген.

Келерки жылдын башынан тартып «Газпромдун» Кара деңиздин түбү аркылуу «Түрк агымы» деп аталган газ кууру ишке берилмекчи.

Октябрь айынын аягында Дания «Газпромдун» «Түндүк агым - 2» долбооруна уруксат берген, тактап айтканда газ түтүктөрүн өз өлкөсүндөгү суу аркылуу алып өтүүгө макул болгон.

Эмдиги жылы ишке кириши керек деген бул долбоорго ылайык, Балтика деңизинин түбү менен газды Орусиядан Германияга жеткирүү каралган.

Бул долбоорго АКШ жана Чыгыш Европадагы бир катар мамлекеттер каршы чыгууда.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Ушул тапта техникалык жөндөө жумушу жасалып жатканына байланыштуу сиз издеген материал ачылбай жатат. Бул үчүн көптөн-көп кечирим сурайбыз. Бир аз убакыттан соң кайра ачып көрүңүз деп суранаар элек.

XS
SM
MD
LG