Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:31

Ошто жыл башынан бери ВИЧ илдеттүү 31 аял көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова билдирди.

Андан алынган маалыматка ылайык, мекемеде Ош шаары менен Ош облусунун аймагынан 47 кош бойлуу аял каттоодо турат. Алардын төртөө жаңы учур катары аныкталып, каттоого алынган.

Элмира Нарматованын айтымында, ВИЧ илдеттүү кош бойлуу аялдарга карата төрөткө чейинки дарылоо иштери жүргүзүлүп, төрөлгөн ымыркайлар 18 айга чейин каттоого алынган. Бул убакытта төрөлгөн балдарда илдет бар-жогу аныкталат.

ВИЧ - Кишинин иммундук жетишсиздик вирусу, акыркы стадиясы - СПИД. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды дайыма ичип турушат. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG