Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Жапонияда аялдардын укугун талашкандар кол топтоп жатышат


Жапониянын желеги.
Жапониянын желеги.

Жапонияда кыз-келиндер жумушта көз айнек тагынууга жана жалпак бут кийим кийүүгө тыюу салган эрежелерге каршы өнөктүктү улантып жатышат. Күн чыгыш өлкөсүндө аялдардын ажарын бузат деп көз айнек тагынууга уруксат берилбейт. Ошондой эле аялдар кеңседе бийик такалуу бут кийим кийип жүрүүгө милдеттүү.

Активист Юми Исакава петиция жарыялап, кол топтоодо. 3-декабрдагы маалыматка ылайык, онлайн петицияны 31 миң адам колдоду. «Бут жана оору» деген маанини туюндурган акция Жапонияда жылдын башында башталган.

XS
SM
MD
LG