Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Караламан массанын чуусу


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

“Өлөр канаттуу өзөккө жетер үн чыгарса, өлөр адам өзөк өрттөгөн кебин айтат”. Конфуций

Улуттук шаблон деген ушу. Улуттук ар-намыска жамынган жалындуу сөздөр бүркүлөт ооздон. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминналеде көрсөтүлгөн экспонаттар улутчул топтордун чачын тик тургузду.

Арийне, резонанс жаратпаган иш-чаранын кимге кереги бар эле? Андыктан феминнале окуясы дүйнө таанымы чолок улутчулдар ким экенин ашкерелеп койгонунун өзү – аталган иш-чара максатына жетти деген кеп. Бутага тийди маселе. Иш-чаранын так ушундай ызы-чуу жаратканы чоң мааниге ээ болчу.

Уюштуруучулардын максаты мүмкүн башкада болгондур?.. Арийне, коомдо кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күчөгөндөн күчөп баратканы – жалпы улутту титирете тургандай жараянга айланса кана, аттиң! Бул да жетишсиз али!

Улут тагдыры бычак мизинде турганда – жылаңач аялзаттын денесин талкуулоо кеп болуп калыппы?! Жылаңач чындыкты улутчулдардын мээсине жеткирүү үчүн жылаңач аялдын денесин жана кермеде илинген ич кийим – эмненин метафорасын туюнтаарын кайдан түшүнсүн жармач патриоттор?!

Аялзатка, Энеге кум толтурулган кап сыяктуу чүпүрөккө мамиле кылгандай аң-сезимдеги зөөкүр эркектердин зомбулугун ашкерелөөнүн аргасыз айласы экенин түшүнгөндүн ордуна – муну бир Батыштан келген ыпластык катары саноонун өзү эмне деген тантырак түшүнүк?!

Макул дейли, феминнале түшүнүгү Батыштан келген ыпластык экен? Ай мончоктой кыздарыбызга зордук-зомбулук көрсөтүү, ала качып тагдырын талкалоо салты да батыштан келген салтпы анда?! Биздин эл Батыш элдеринен өткөн ыпластыкка малынып отурганыбызды эмнеге моюнга албайбыз?!

Аялзат, Эне – тирүү зат экенин унутуп, аны кермеде илинген чүпүрөктөй кордогон эркектаналар канча арабызда? Тек гана эркекке уйпаланган аялзаттын ич кийимин, кум шыкалган кап зордук-зомбулуктун символу экенин кабыл алуу ордуна, көөдөнүндө көркөм искусство түшүнүгү уялабаган айылдык түшүнүк менен жашаган агрессивдүү, жаалдуу топтун диктовкасын эмнеге биз улуттук ар-намыс деп түшүнүүгө тийишпиз?!

Эмнеге назик, үлбүрөк, ажарлуу Аялзаттын музейдеги жылаңач денеси – аң-сезимибиздеги аяр мамилени ойготкондун ордуна, эмнеге патриархалдык-феодалдык эс-тутумубузда калган арыбызды, ариетибизди ойготуп отурат? Демек, биздин улут 21-кылымдын цивилизациясын кабыл алууга али жетиле элек деген кеппи бу?! Искусство тилин түшүнөр жөндөмүбүз жок үчүн жер сабаган улут болуп отургандагыбызбы бул?!

Искусствонун көркөм арсеналы аркалуу дүйнө жүзүндө жапа жабырга кабылып келаткан Аялзаттын жанбүдөгө салган күйүтүн түшүнүүгө аракет кылган мырзалык касиеттен ажырап калгандыгыбызбы бул?! Эй, "кырк чоро" атың өчкүрлөр! Дүйнө элине Энени кордогон, Аялзатты кордогон жосунуңду даңазалагың келдиби?!

Эмнеге 21-кылымдын напсисин татып отурсак да арабызда жапайы инстинкт менен жашаган эркек сөрөйлөр толтура?! Эмнеге атасы өз кызын зордуктап койсо же ай мончоктой жаншерик жары туруп жашыруун никеде башка кыз-келиндер менен түтүн булап жүргөн эркектер мыйзамды уруп ойнобогон турмушубузга тынчсызданбайбыз?! Эмнеге укуктуу мамлекет куралбай келатканыбызга намыстанбайбыз да, басым-кысымга баш ийген расмий бийлик үчүн арданбайбыз?! Эмнеге мыйзам дөөлөтүн сыйлаган мамлекет курууга үйрөнбөйбүз, жолуң болгур кыргыз!

Эгер улутуң, мамлекетиң, эл-жериң үчүн намыстансаң – толуп атат намыстанаар жагдайларыбыз! Эгемендикке ээ болгон жылдардан бери өз алдыбызча эмнеге жетиштик? Жалаң эл аралык уюмдардын колдоосу менен билим берүү жайлары курулуп, ошолордун эсебинен окуп-чокуган жаштар өсүп чыгууда. Болбосо өз күчүбүз менен сапаттуу билим берип атабызбы келечек муунга?!

Андай намысчыл болсок, эмнеге сырттан келгендердин көмөгүнөн баш тартып, өз арбайыбызды түптөй алаар улут экенибизди көрсөтө албай келебиз?! Жаштарыбызды өзүбүз тарбиялап, өзүбүз окутуп-чокуткан болсок, келечек муунду ошондо гана сырткы таасирлерден коргой алат элек го! Мамлекетибиз болсо гранттар эсебинен күн көрүп келатканы кимге жашыруун?..

Отунбаева моралдык укугу

Улутчулдардын үрөйүн үркүткөн көркөм сүрөт музейиндеги феминнале окуясына кайрадан келели. Дегели Гапар Айтиев атындагы музейдин өзү ата-бабадан калган мурас бекен? Дегеле кыргыз тарыхында кайсы ата-бабабыз маданий жайларды (музей, театр), мектеп сыяктуу агартуу очокторун түзүп, элдин билим алуусуна, маданиятын өстүрүүгө шарт түзүп окутуп-чокуткан фактыны табууга мүмкүн?

Ошол эле биздин жарма патриоттор сыймыктанган ата-бабаларыбыздын арасынан чыккан кайсы эл жакшылары элди прогресске үндөп, маданий-агартуу камын ойлоптур?!

Төрт түлүк малын күтүнүп күтүрөгөн кыргызың “күндүзү кымыз, түнү кыз\ күжүлдөгөн эр кыргыз” түшүнүгү менен дуулдап жашап, карт кекирип, элдин эртеңине санаа чекпей өтүптүр. Ошол эле псевдопатриотторубуз сыймыктанган ата-бабаларыбыз жылаңач аялга төө чечтирип маашырлана карап отурганы Батыштан келген маданият эмес го – бу жагы кандай болуп калат?..

Бирок ошого карабай бүгүнкү күндө дал ошол бай-манап, кокту-колот хандарынын айкелдери турат көйрөңдөнгөн образдагы. Деле бирөөсүнүн жер карап уялган айкели тургузулбады. Баары чакчырылат, көңдөй көөдөндөрү короздукунча бери чыгып! Эми ошол ата-бабаларыбыздын урпагына музейдеги аялзаттын денеси өөн көрүнүп калганын кантели...

Удургуган топтун колунан келгени ушул болду – коомчулукта бир уу-дуу жаратканга жарашты. Көрсөтмөнүн маңызын учкай кеп кылып өткөн экс-президент Роза Отунбаеванын төбөсүнөн ылдый жугунду төккөнгө гана жарашты! Башка эмнеге жарайт эле алар? Ашып-ташкан энергиясын биздеги ашынган улутчулдар коомдун эң аяр, эң азчылык чөйрөсүнө корсулдаган коркунуч көрсөтүп, кур намыс үчүн ызы-чуу салганга гана жарай экен көрсө.

Анан калса, “камчы катуу болсо катын ыймандуу болот” түшүнүгү менен жашаган "кырк чоро" тобу музейге камчы үйрүп барганына эмне үчүн күч органдары чара көрбөйт? Эмнеге "кырк чоро" тобу Маданият министрлигин омуроолоп барып, музей директорун кызматтан алдырып койгон зөөкүрчүлүккө көз жуумп отурат кыргыз бийлиги?! Парламент өкүлдөрү эмнеге тилдерин тишине катып отурушат?! Же кыргыз коомчулугунун тагдырын расмий бийлик көчө чаңын сапырган "кырк чородой" топтор менен кара түнөк кылмыштуу топторго тапшырып койгондогусубу? Бизди кимдер тескеп калган? Бейрасмий топторбу?! Кана расмий бийликтин аракети?! Орду гана!

Улутчулдар анчалык намыстанышат экен, эмнеге кыргыздын кыз-келиндеринин шорлогон тагдырларын ушундай акция уюштурууга жеткирдик?! Кытайдын улуу даанышманы Конфуций айтмакчы: “Өлөр канаттуу өзөккө жетер үн чыгарса, өлөр адам өзөк өрттөгөн кебин айтат” – сыңары, көркөм сүрөт музейиндеги феминналеде көрсөтүлгөн экспонаттар деле кыз-келиндердин өзөк өрттөгөн проблемасын чагылдыруу экенин эмнеге көөдөнүбүз менен туйбадык?!

Улутчулдар мунун себебин өздөрүнөн эмес, Батыштан издөөдө. Ээ айланайындар, Батыштын колдоосу болбогондо, ошол эле "кырк чоро" баш болгон псевдопатриоттор бүгүнкүдөй эркиндикке жетет белеңер? Камчы үйрүп, айкырык салып баралат белеңер музейге? Москва жеткирет беле ушул эркиндигиңе? Качкын ажолоруңар жеткирет беле? Авторитаризм бийлиги жонуңарга камчы ойнотмок. Андыктан эркиндиктин да чеги болоруна ой калчай жүрсөк.

Өнүккөн цвилизициядан өөн издеген улутчулдар бул жолку чектен ашкан жосундары менен өздөрүнүн намысчылдыгын көрсөттүбү же түркөйлүгүнбү? Муну ата-бабалардын намысын, улут намысын коргоо дегенге болбойт. Түркөйлүк бул!

Тек көрсөтмөгө коюлган экспонаттарды улуттук проблема же трагедияга айланта турган кеп беле?! Андан да үрөй үркө турган, жакаңды уучтатчу жагдайлардын бирине да тынчсызданбай келген улутчулдар неге бул жолу ич кийим үчүн коомчулукту удургутту?!

Өздөрү түшүнбөгөн акциянын маани-маңызын батышчылдардан көрүп, батыш баалуулугу тургай өзүнүн улуттук баалуулуктарынын маңызына түшүнөрүнөн шегим бар алардын!

Дегеле улуттук ар-намыс деген түшүнүктүн маңызы эмнеде?! Макул, дүйнөнүн башка элдеринен өөдөсүнүп, ата-бабаларыбызды эле жогору көкөлөтүп сыймыктангандардын кимисинин Роза Отунбаевачалык карапайым эл үчүн күйүп-бышканын иш жүзүндө көрдүк?!

Кайсы эр-азаматтын Отунбаева менен теңтайлашар маданий-агартуу багытындагы ырааттуу жүргүзүлгөн ишмердигин атай алабыз? Сыртта жүргөн мигранттар үчүн “Мекен форумун” уюштуруу мамлекеттин эмес, “Отунбаеванын демилгелер” фондунун аракети менен салттуу улантылып, элет жериндеги келечек муунга билим, тарбия берүү иши Отунбаеваны ашата тилдегендердин кимисинин колунан келиптир?!

Андыктан экс-президент катары, улуттук лидер катары өз элинин кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп, ачуу сынын айтууга Отунбаеванын моралдык укугу бар лидер. Башка кайсы улуттук лидер караламан калктын бечелдиги, караңгылыгы, түркөйлүгү үчүн тынчсызданып, улуттук кемчиликти ачык айтып чыкты бүгүн? Арийне, Отунбаева бул мерте өзүнүн лидерлик миссиясын толук аткарды. Башка эл жакшылары, аксакал интеллигенция өкүлдөрү тилин жутуп отурушат!

Олжобай ШАКИР

(Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG