Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Балага күбөлүктү айыппулсуз берүү мөөнөтү аяктап баратат


Базарда иштеген балдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Базарда иштеген балдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы балага туулгандыгы жөнүндө күбөлүк жаздыруунун жеңилдетилген мөөнөтү аяктап баратканын эскертүүдө.

Өкмөт балага документ жаздыруу боюнча атайын жалпы элдик өнөктүктү быйыл август айында баштап, 1200 баланын күбөлүгү жок экенин маалымдаган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери ыктыярчылар менен өткөн аптада Бишкектин тегерегиндеги сегиз жаңы конушту кыдырып чыгып, документсиз 404 баланы аныктады. Алардын эң көбү Ак-Жар конушунда. Балдардын тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилди.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк белгилүү бир убакыт аралыгында гана жазылып берилет. Эгер ошол мөөнөттү өткөрүп жиберсе ата-эне 1000 сом айыппул төлөсө гана документ ала алат.

Жыл аягына чейин күбөлүк айыппулсуз берилип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG