Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Токко урунган аскер каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто аскер бөлүгүндө токко урунган аскер каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына караштуу Алайдагы аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп келген ефрейтор кырсыктан соң эсине келбей, 8-декабрда ооруканада каза болду. Учурда Башкы штабдын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

Аталган кырсык 4-декабрда, маркум ефрейтор тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда болгон. №92843 аскердик бөлүктүн радиотелефонисти жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратканда радиостанциянын антеннасы аркылуу ток урган. Мындан соң жабырлануучу Ош шаарына ооруканага жаткырылган.

Ноябрда Кыргызстандын жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери, анын бири электр тогуна урунуп каза болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG