Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

ИИМ: Бишкектеги атышуу боюнча шек саналгандар кармалды


Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобу Бишкектеги ок атышууга шектүү эки жаран кармалганын маалымдады.

Алар 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок Макаров тапанчасы табылды.

Табылган тапанчанын сүрөтү.
Табылган тапанчанын сүрөтү.

Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген.

Милициянын маалыматына караганда, 9 - декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү машинеге ок атылган.

«Тойота-Авенсистин» ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Окуя болгон жерден «Макаров» куралыныкы болушу мүмкүн деген октун алты гилзасы табылган. «Тойота-Авенсис» автоунаасы тинтүүгө алынып, жабыркагандардын буюмдары алынган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Милиция шектүүлөр «Коопсуз шаардын» видео көзөмөл байкоосунун жардамы менен табылганын белгилейт. Учурда бул факт Жазык кодексинин 9-130 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу») беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG