Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Жалал-Абадда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алууда кезек арбыды


Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Жалал-Абад аймактык бөлүмү.
Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Жалал-Абад аймактык бөлүмү.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө мамлекеттик жана эл аралык үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү алууда кезек күткөндөр арбыды. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундардын бири «Азаттыкка» билдирди. Учурда мекеменин алдында кезек күткөн 300дөн ашык адам турат.

Аталган мекеменин жетекчиси Тайлай Турдубаев жаңы айдоочулук күбөлүк 9-декабрдан тартып бериле баштагынын, кезек күткөндөр көп болуп жатканын айтты.

- Жакынкы 4 айдан бери айдоочулук күбөлүк берилбей калган болчу. Ошол себептүү күбөлүк алуучулардын катары көбөйүп кеткен. Кечээ күнү 100дөй гана адамды тейлөөгө үлгүрдүк. Учурда 2 кызматкер тейлеп, документтерди онлайн түрүндө Бишкек шаарына жөнөтүп жатат. 4-5 күндүн ичинде ал жактан жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалып келет. Мурункудай жеринде жасалып берилбей калган, - деди Турдубаев.

Мурда мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады. (RsK)

XS
SM
MD
LG