Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Чехия: ооруканада ок аткан адам өзүн атып өлтүрдү


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Чехиянын Острава шаарында 10-декабрда белгисиз адам оорукананын травматология бөлүмүндө жаткан бир нече кишини атып кетти. Жергиликтүү полиция окуя болгон жерде 4 адам дароо жан бергенин, оор жаракат алган дагы эки киши көп өтпөй үзүлгөнүн маалымдады.

Ок аткан 42 жаштагы кишиге издөөгө жарыяланган. Полиция тик учактардын коштоосунда шектүүнү колго түшүрүү операциясын баштаган. Көп узабай тартип сакчылары анын изине түшүп, машинесин курчоого алышканда ал киши өзүн өзү атып өлгөнү маалымдалды.

Кылмышка эмне себеп болгону белгисиз. Премьер-министр Андрей Бабиш окуяны «апаат» деп атады.

Буга чейин эң кандуу окуя 2015-жылдын февралында болгон. 64 жаштагы киши Ухерски Брод шаарчасындагы ресторанга кирип барып 8 кишини атып өлтүргөн соң өз жанын кыйган. Полиция ал психиатриялык диспансерде каттоодо турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG