Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Улуттук гвардиянын китепканасы толукталды


Сүрөт Табылды Муратбековдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Сүрөт Табылды Муратбековдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Улуттук гвардияга караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринде чакан китепкана ачылды. №10127 аскер бөлүгүндө китеп окуу бөлмөсү жүздөй китеп менен толукталды.

Иш-чара 12-декабрдагы Адабият күнүн жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай «Китепкөй Кыргызстан» жумалыгынын алкагында уюштурулду. Бөлүктүн командири Мирлан Темиров:

- Буга чейин китеп окуу бурчубуз бар эле. Азыр келген китептер өтө мыкты экен. Ар бирин карап чыктым. Тарыхта кала турган, жүрөктү ойгото турган, тарбия бере турган китептер экен, - деди.

Китеп окуган жоокерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун демилгечилери бүгүнкү күнгө чейин республиканын аймагындагы 150гө жакын китепкананын ишин жакшыртты.

Уюштуруучулар долбоордун максаты жалпы элди китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китептердин тартыштыгы жана китепканалардын кыйынчылыгы менен байланышкан маселелерди чечүү экенин белгилешет. (ZA)

XS
SM
MD
LG