Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарындагы расмий сапары башталды


Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарында. 11-декабрь, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарында. 11-декабрь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен барды.

Сапардын алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри Мухаммед бин Рашид Ал-Мактум менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Мындан тышкары ал БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Ал-Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугушат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын расмий маалыматына караганда, 2011-жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 300 млн. доллар болгон, ал эми 2015-жылы 100 млн. долларга араң жеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG