Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Орусия Германиянын эки дипломатын өз аймагынан чыгарат


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки немис дипломатын нон-грат персонасы деп жарыялап, жети сутканын ичинде өлкө аймагынан чыгып кетиши керек экенин билдирди.

Бейшембидеги ушул эле маалымат баракчасында министрлик буга чейин Германия эки орус дипломатын аймагынан чыгарууну чечкенин, ал негизсиз экенин белгилейт.

4-декабрда Германиянын Тышкы иштер министрлиги Берлиндеги киши өлтүрүүгө байланыштуу орус дипломаттарына санкция салган. Ага чейин өлкөнүн Федералдык прокуратурасы Зелимхан Хангошвилинин Берлинде өлтүрүлүшүнө орус бийлигинин катышы болушу мүмкүн экенин билдирген. Немис тарап орус бийлиги тергөөгө адекваттуу жардам көрсөтпөгөнүн, эгер кылмышты иликтөөгө Москва жардам бербесе чара көрөрүн эскерткен.

Грузиянын жараны Зелимхан Хангошвили 23-августта Берлинде киши колдуу болгон. Экинчи чечен согушунда ал орус аскерлерине каршы согушкан бөлүктөрдүн биринин командири болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары кармалган адам мурда орус атайын кызматында иштегени, бир нече буюртма киши өлтүрүүгө катышканы белгилүү болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин Хангошвилинин өлүмүнө орус атайын кызматынын катышы бар деген кинени четке кагып, өлтүрүлгөн адамды Москва метросундагы жардырууларды уюштуруучулардын бири деп атаган.

XS
SM
MD
LG