Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

«Кылым шамы» Матраимовдордун арызы боюнча пикирин билдирди


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Кылым шамы» укук коргоо борбору «Азаттыкка», Kloop.kg жана 24.kg сайттарына карата кабыл алынган сот чечимин айыптоодо. Борбордун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул тууралуу пикирин төмөнкүчө билдирди:

- Кандай эле Матраимов сотко берсе «Азаттыктын» эсептери камалат да, «Азаттыктын» берген маалыматы боюнча терең иликтөө иштери жүргүзүлбөйт?

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, Kloop.kg жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгону маалым болду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;

Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;

Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;

Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;

«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;

Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;

24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;

«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG