Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жээнбеков иликтөөчү журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берет (видео)


Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарга барган учур. 11-декабрь, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарга барган учур. 11-декабрь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Жолугушуу учурунда Дубайдагы ишкер Жанара Борончуева Матраимовдордун маалымат каражаттарын сотко бергенине байланыштуу өлкө башчысынын пикирине кызыкты.

Президент сотко берүүгө ар бир жарандын укугу бар экенин белгилеп, ошол эле учурда маалымат каражаттарында айтылган сынга сабырдуу караш керек экенин билдирди.

- Мамлекеттин, биздин күчүбүз - ачык массалык маалымат каражаттарында, - деген президент өз дарегине да айтылган сынга сабырдуу мамиле кылып жатканын мисал келтирди:

- Чыдайм. Бизде маалымат каражаттары эркин болсун. Мен көрбөгөндү, мен укпаганды ошолор аркылуу угуп, чара көрөм. Маалымат каражаттарына чыккан бардык иликтөөгө чара көрөм, баарына реакция кылам.

Президент ошондой эле иликтөө жүргүзгөн журналисттерди Кыргызстанга келип, колундагы документтерин өткөрүп берүүгө чакырып, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирди.

- Керек болсо мен да кепилдик берем. Келип, фактысы болсо берсин, - деген президент укук коргоо, сот органдарында бурмалоо болбой турганын белгиледи.

Матраимовдордун үй-бүлөсү 9-декабрда «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпысынан 60 миллион сомдук доо койгону 12-декабрда белгилүү болду. Маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Парламент депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун банк эсептерин камакка алуу тууралуу чукул чечимин кескин сынга алып чыгышты.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин ашкерелеген. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү аныкталган.

XS
SM
MD
LG