Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылды


Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул маалыматты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ырастады.

Анын маалыматына караганда, Кодуранова саат 10:00гө суракка барган. Бирок жактоочусу соттук процессте болгондуктан сурак түштөн кийинкиге жылдырылды.

Депутат Асел Кодуранова - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу. Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутатты 10-октябрда «чектөөсүз» деген аныктама менен үй камагына алган. Башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка учурда чектөө болбойт.

Ушул жылдын 7-августунда УКМКнын кызматкерлери Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Биринчи операция ийгиликсиз аяктап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. 8-августта Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операция болуп, аны ИИМ ишке ашырган. Анда Атамбаев жана анын тарапташтары өз эрки менен колго түшүп беришкен.

Кой-Таш окуясында жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар. (BTo)

XS
SM
MD
LG