Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Миллиондук доого реакциялар


Коллаж.
Коллаж.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Бирок ал арада Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууну өтүнүп арыз берген. Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи.

Соттук доолор сөз эркиндигине басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:38 0:00

13-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызы боюнча чечимди карап, канааттандырды.

- Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, - деди Ибраимова.

Үч медианын эсеби камактан чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен анын аялы Уулкан Тургунованын жактоочусу Оксана Жданова үч медиага жана кабарчыга каршы берилген арыз боюнча соттун буга чейин чыгарган чечими мыйзамдуу болгонун айтты. Бирок Матраимовдор банк эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчүн чакыртып алууну чечишкенин билдирди.

Өтүнүчтү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун, анын аялы Минавар Жумаеванын жана «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фондунун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Мадина Ниязова да колдоду.

Сөз эркиндигине чабуул

Матраимовдордун арызы коомчулукта сынга кабылды. Парламент депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алып чыгышты.

«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын президенти Жейми Флай Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттыктын» кыргыз кызматына карата доо арызына байланыштуу билдирүү таратты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай. 29-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай. 29-август, 2019-жыл.

Анда редакцияга тиешелүү Бишкектеги банк эсеби камакка коюлганы тууралуу 12-декабрда эртең менен кабар тараганы, бирок расмий маалымдама келип түшпөгөнү белгиленет.

«Матраимовдун арызын же биздин эсепти камакка коюу тууралуу соттун чечимин түшүндүргөн расмий документтерди көрө элекпиз. Бул «Азаттыктын» ишмердигине жана өз алдынчалыгына карата чектен чыккан чабуул жана «Азаттыктын» кабарчылары менен кызматкерлерин коркутуу. Бул ошондой эле август айында мени менен жолуккан учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун эркин журналистиканы жана Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү коргоору тууралуу бекем убадасына каршы келет. Мен биздин эсепти тезинен камактан чыгарууну көптөн-көп өтүнөм», - дейт Жейми Флай.

13-декабрда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергени боюнча билдирүү таратып, «бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтире турганын так кесе билдиребиз» деп белгиледи.

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

Стамалиеванын мындай билдирүүсү 13-декабрда президенттин расмий сайтына жарыяланды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин жана күчтүү жарандык коомдун болушун колдой тургандыгы айтылат.

«Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн ичиндеги жана чет элдик ЖМКлардагы маектеринде да баса белгилеп келет. Президент дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт», деп айтылат билдирүүдө.

АКШдагы Өкүлдөр палатасы «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирди.

"Кыргыз өкмөтү @Kloopnews & @RFERL Kyrgyz Service, @Azattyk_Radiosu маалымат каражаттары ишенимдүү жазып чыккан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун ордуна журналистиканы басмырлап жатат. Эркин прессаны коркутуу жана ооздуктоо - бул негизги эркиндиктерге чабуул болуп саналат. Өкмөт чукул арада бул багытын өзгөртүшү керек", - деп жазды палатанын Эл аралык иштер боюнча комитети "Твиттердеги" расмий баракчасына.

"Amnesty International" эл аралык уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгү "Кыргызстандагы мурдагы таасирлүү аткаминердин көз карандысыз маалымат каражаттарын сотко бергени бул өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн кооптуу белги" деп баалады.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бийлик «паракорду»​ коргоп жатат деген пикирде.

- Бийлик «коррупция менен күрөшөбүз» деп коюп тескерисинче коррупционерди коргоп жатат, - деди ал. - Аны биз түшүнүп эле жатабыз. Бирок коррупция менен күрөшүп жаткан журналисттерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн куугунтукка алып жатканы мыйзамга каршы келет. Биз эл аралык коомчулукка кайрылабыз. Анткени биз бийликтин жообун көрдүк. Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн көргөн жокпуз. Ал күрөштү эл аралык журналисттер жүргүзүп жатат.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова Матраимовдордун адвокаты үч медианын эсебин камакка коюу жөнүндө чечимин жокко чыгарууга берген арызы боюнча да пикирин билдирди. Укук коргоочу коомчулук негизги доо арыз кала бергенине көңүл бурушу керек экенин белгиледи.

- Эсепти камактан чыгаруу - жеңиш эмес. Негизги доо калып жатат. Ал арыз каралат, ал жерден кандай талаптар айтыларын билбейбиз. Арыз бергени журналисттерге болгон басым десек болот.

«Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фонду Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылманы жана журналистти сотко берип, ири өлчөмдө доо койгонуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюм 13-декабрда тараткан билдирүүдө бул жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигине өтө чоң коркунуч жаратып жатканы белгиленди.

«Сот аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына басым өткөрүүнүн кесепети жаман. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесине ылайык, ар ким эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу», деп жазылат билдирүүдө.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ​Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медианы жана журналистти сотко бергени боюнча кенен маалыматы жок экенин билдирип, өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу ою менен бөлүштү.

- Мен сөз эркиндигин колдойм. Айрымдар «Интернетте цензура болушу керек» деген пикирлерди айтып жатышат. Мен ага каршымын. Ар бир адам жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу оюн эркин айтууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бир гана нерсе - биздин кээ бир журналисттер сын менен адамга күнөө коюу дегендин чегин аныктай албай калып жатат. Бирөөнү «коррупционер же чет элдик тыңчы» деп жазып, аны далилдеп бере албаса - бул да сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет, - деди Разаков.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов соттор эл аралык нормаларга, Конституцияга таянып журналисттердин укугун коргошу керек экенин билдирди.

Бул тууралуу ал Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергенине байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип жатып айтты:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Шайлоого жакын саясий процесстер күчөп турган кезде журналисттерди, сөз эркиндигин кысуу туура эмес. Бул биздин демократиялык баалуулуктарга дал келбейт. Президент башка мамлекеттерге барганда «биздин бирден-бир мактанарыбыз - сөз эркиндиги. Биз Борбор Азияда демократия баалуулуктарын орнотуп жатабыз» деп айтат. Массалык маалымат каражаттарына берилген азыркы доо буга сокку урду.

«Бишкектин Свердлов райондук соту «Азаттык» радиосунун, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынын банк эсептерин жабуу боюнча чечимди шашылыш чыгарганын саясатчы Ишенбай Кадырбеков бийликтин аракети деп эсептейт. Ал Кыргызстан эгемен тарыхында сөз эркиндигине бөгөт койгон мурунку бийликтен сабак алышы керек деген пикирде.

- Ушундай жол менен убагында Акаев бийликтен кеткен, - деди ал. - Андан кийин бул жолго Бакиев да түшкөн. Миллиондогон доо койгон Атамбаев да ушул жолдон өттү. Бардыгынын келечеги жакшы болгон жок. Биз тарыхтан сабак алсак жакшы болот эле да. Кыргызстандагы ар тараптуу, аналитикалык маалыматты бир гана «Азаттыктан» алып жатпайбызбы. Ал эми кайсы туура, кайсы туура эмес биз өзүбүз чечип алабыз. Негизи азыркы болуп жаткан көрүнүш жакшы эмес. Жакшылыкка алып барбайт.

Саясат талдоочу Турат Акимов Матраимовдун сотко кайрылганын мыйзам чечемдүү көрүнүш деп эсепейт. Бирок ал банктык эсептин тоңдурулушун мыйзамсыз катары баалады:

- Канча сом доо койсо дагы сот аны аныктап чыгышы керек. Мында 60 миллион сомбу же 6 миллион сомбу? Бардыгын аныктап чыккандан кийин гана сот чечим чыгарып, банктык эсепке ошондо гана келиши керек эле.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандагы үч медианын эсебинин камакка алынышы боюнча өз пикирин билдирди. Касымалиева «Фейсбуктагы» баракчасына «басылмалардын эсебин камакка коюу – бул ошол медиага жана анын кызматкерлерине болгон басым жана ал чечим жокко чыгарылышы керек» деп жазды.​

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов болсо үч маалымат каражатынын банктык эсептерин камакка коюу боюнча сот чечими одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтты.

Ал доо арызды караган судья материалдар менен толук тааныша элек жатып шашылыш чечим чыгарганын кошумчалады. Молдакматова «ушундан бул чечимди чыгарган соттун кызматтык жоопкерчилигин кароо керек» деген айрым депутаттардын пикирин колдой турганын билдирди:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

- Сот президент, мамлекеттик кызматкер же жөнөкөй жаранбы - баарына бейтарап, калыс карашы керек. Ал эми Матраимовдордун бир арызынын негизинде биринчи отурумда, материалдар менен таанышуу учурунда эле шамалдай тездик менен дароо чечим чыгарганы мыйзам бузууга жатат. Бир чечим менен ЖМКлардын банктык эсептерин дароо камакка коюу да мыйзамсыз.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда 100 миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү ашкереленген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG