Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

«Азаттык» иликтөөнүн материалдарын УКМКга өткөрүп берди


13-декабрда «Азаттык Медиа» мекемеси журналисттик иликтөөлөрүндө колдонулган документтердин көчүрмөсүн, аудио, видео материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

"Азаттык" радиосу материалдар менен кошо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жазылган расмий катты да тапшырды. Анда "Берилген материалдар же ага байланышы бар кандай гана маалымат болбосун кыянаттык менен пайдаланылса, биздин журналисттердин, иликтөөгө аралашкан кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданабыз" деп айтылат.

Медиа мекеме ошондой эле УКМК журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөт деген ишенимин билдирет.

13-декабарда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова Матраимовдордун адвокаттарынын арызынын негизинде үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгарды.

Буга чейин бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктаган.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергени боюнча билдирүү таратып, «бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтире турганын так кесе билдиребиз» деп белгиледи.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG