Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Орусиянын соту жеке компанияга Путиндин ылакап атын берүүдөн баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Роспатенттин «Псевдоним Платов» соода маркасын каттоодон баш тарткан чечимине каршы “Интеллект жана укук” («Интеллект и право») компаниясынын доо-арызын Орусиянын интеллектуалдык укуктар боюнча соту канааттандырган жок. Бул тууралуу орусиялык “Медуза” басылмасы аталган соттук мекемеге таянуу менен жазды.

Буга товардык белги Орусиянын азыркы президенти Владимир Путиндин КГБнын чалгын мектебинде окуган кезиндеги ылакап аты менен дал келгени себеп болду.

“Интеллект жана укук” компаниясы «Псевдоним Платов» соода маркасын каттоо өтүнүчү менен 2017-жылы Роспатентке кайрылган. Интеллектуалдык укуктарды каттаган мекеме мындан баш тарткан.

Роспатент анда бул аталыш “мамлекет башчы менен байланыштуу” экенин билдирип, аны пайдалануу базарда фирманы башкалардан өзгөчө кылып коюшу мүмкүн экенин көрсөткөн. Компания өзүнүн апелляциясында, “Путинка” деген соода маркасы бар экенин, кеп болгон аталыш деле берилиши керектигин белгилеген.

Владимир Путин 2017-жылы Сочидеги “Сириус” балдар борборунун окуучулары менен баарлашып жатып атайын кызматта анын ылакап аты “Платов” болгонун айткан жайы бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG