Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан тогуз аскер өлдү


Ооганстандын картасы.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 14-декабрда таңга жуук жасалган чабуулдан кеминде тогуз аскер кызматкери курман болду.

Ошол эле учурда башка маалымат каражаттары жана “Талибан” кыймылы кол салуудан 24 адам өлгөнүн билдиришүүдө. Талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид жергиликтүү медиага жоочулар көзөмөл-өткөрмө бекетке пландалган чабуул жасаганын айткан.

Борбордук Газни провинциясынын Карабах районунда болгон окуянын башка жагдайлары кабарлана элек. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Фавад Аман иликтөө уланып жатканын журналисттерге айтты.

Расмийлердин маалыматында, соңку эки жылда Газнинин ар кайсы райондорунда ооган күчтөрүнүн ондогон кызматкерлери талибдердин чабуулунан улам мерт болгон. Адатта АКШнын жана НАТОнун аскерлерин бутага алган талибдер ооган күчтөрүнө да кол салуусун улантып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG