Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:10

Ат-Башы ГЭСинин токко урунган кызматкери ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы ГЭС мекемесинин эки кызматкери токко урунуп, бири Нарын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициядан билдиришкендей, окуя 13-декабрда болду. Жабыркаган адамдын (К.М) абалы азыркы учурда оор деп бааланууда. Экинчи кызматкердин абалы канааттандырарлык деп кабарланууда.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Ат-Башы гидроэлектростанциясы Нарындагы бирден-бир электр энергиясын өндүрүүчү мекеме болуп саналат. Ал Нарын районундагы Ат-Башы дарыясында жайгашкан. ГЭС “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна баш ийет. (ErN\MiK)

XS
SM
MD
LG