Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абделазиз ал-Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Расмий сапардын алкагында Жээнбеков падыша, анын мураскери, ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз ал-Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим ал-Аш-Шейх менен жолугушат.
Жолугушууларда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланат.
Мындан тышкары Сауд Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директору Халид С. Ал-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М.Х. Хаджар менен соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн кездешүүлөр пландалган.
Президент Сооронбай Жээнбеков сапардын алкагында Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.
Кыргызстандын башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед ал-Нахаяндын чакыруусу менен Бириккен Араб Эмираттарында 11-12-декабрда расмий сапарда болгон. (ErN)