Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Кыргызстандыктар жаңы жылда жети күн эс алышат


Бишкек. Ош базары.

Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө которулат.

Ушул эле токтом боюнча 11-майдагы дем алыш күнү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулуп, жарандар 1-майдан 5-майга чейин эс алмакчы. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG