Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:39

Украина оппозициялык блогерди Бакуга депортациялады


Элвин Исаев

Украина азербайжандык оппозициялык блогер Элвин Исаевди Бакуга депортациялады. Азербайжан Башкы прокуратурасы аны оор кылмышка шектүү деп издөө жарыялаган. Бул тууралуу Азербайжандын мамлекеттик миграция кызматы 14-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, 39 жаштагы Исаев “Украинанын миграциялык мыйзамдарын” бузгандыгы үчүн 12-декабрда өлкөдөн чыгарылган. Блогер мекенине келери менен, Баку сотунун 22-августта чыгарган чечимине ылайык, камакка алынды. Исаевге кандай айып тагылганы расмий билдирүүдө айтылган жок.

Блогер украин президенти Владимир Зеленскийдин Бакуга сапарынын алдында депортацияланды. Расмий Киев Исаевдин мекенине кайтарылышын комментарийлеген жок.

1998-жылдан бери Орусияда жашап келген активист интернетте азери президентин сындап, “диктатор" деп атаганы бар. Ошондой эле өз өлкөсүндөгү коррупция тууралуу жазчу. Үч жылдан кийин орус жарандыгын алып, бирок быйыл августта Санкт-Петербург соту жарандыктан ажыратуу жана өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган. Сентябрдын аягында Исаев Украинага кеткен.

XS
SM
MD
LG